Жаңылыктар

07.10.2024 11:50

   Кароолор: 590

ӨЗГӨНДӨГҮ АЮУ АЙЫЛЫНДА ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРҮҮ КООПТУУЛУГУ ЖОЮЛАТ

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар тилкени атайы тектирлеп түшүрүү иши жүрүүдө.

Долбоор 2023-жылдын 2-августунда башталып, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 185 миллион сомду түзөт. Ал эми иштин аяктоо мөөнөтү 3 жыл деп белгиленген.

Бүгүнкү күндө жумуштун 60-70% аткарылды (жалпы 360 миң м³ жер кыртышы ташылат). Кар түшкөнгө чейин кооптуу болгон жер кыртышын алып чыгып, өсүмдүктөрдүн катмарын калыбына келтирүү пландалууда.

Аймактагы 49 турак жай, 2 социалдык имарат жана башка инфраструктура коопсуз абалга келтирилет. Ошондой эле Аюу айылындагы узундугу 2,6 чакырым болгон ички чарбалык жалгыз унаа жолун кеңейтүү жана жакшыртуу боюнча кошумча долбоор иштелип чыгып, бул иш да жер көчкү долбоору менен биргеликте жүрүүдө.

Белгилей кетсек жер көчкүнү тектирлеп түшүрүү иши аяктаса, Аюу айылынын тургундарына, мектепке жөө барып келген окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүлөт ошондой эле оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын жеңилдетет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу