Жаңылыктар

29.09.2026 21:27

   Кароолор: 55

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДЫ ЖОЮУГА КАТЫШКАН ДЕПУТАТ СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Карабековага “Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйлады.

Депутат буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз кызматташып, аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдоо максатында ошондой эле табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга өз салымын кошкон.

Эске салсак, 2026-жылдын 13-июлунда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаары, Ноокендин Момбеков айыл аймагында катталган ири сел кырсыгын жоюуга өз каражатынан 150 ыктыярчы, инженердик техникаларды тартып, селден жабыркаган турак үйлөрдү тазалоого зор көмөк көрсөтүп, сел кырсыгын жоюуга тартылган жарандарга ысык тамак уюштурган.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу