Жаңылыктар
03.10.2023 12:30
Кароолор: 490
Өзгөчө кырдаалды калкка кабарлоонун системасы ийгиликтүү сыноого алынды
3-октябрь күнү саат 10:00дө, Бишкек жана Ош шаарында калкты өзгөчө кырдаал тууралуу эрте кабарлоо сиреналары иштетилди.
Буга чейин маалым болгондой иш-чара "5-октябрь — Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата жана эрте кабарлоонун жаңы ишке киргизилген системасын сыноо максатында уюштурулду.
Баса белгилеп кетсек, табигый жана техногендик кырсык тууралуу калкка эрте кабарлоонун жаңы ишке киргизилген системасы өлкөнүн 90%ын өзүнө камтып, теле жана радио жыштыгы аркылуу берилди. Эгер электр энергиясы үзгүлтүккө учураган болсо, генератордун жардамында иштөөсү уланат.
Ошондой эле бул күнү республиканын бир катар телеканалдары жана радиолорундагы эфирлер токтолуп, калкка кабалоонун бул түрү да текшерилди.
Мындай иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жарандардын кырсык учурунда өзүн эрежеге ылайык алып жүрүү көндүмүн үйрөтүү, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР