Жаңылыктар
24.08.2024 11:30
Кароолор: 1421
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ, БОЖОМОЛДОО ДЕПАРТАМЕНТИ ТОО КӨЛДӨРҮНӨ ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бүгүн , 24-августта маалымат жыйын өткөрдү.
Ал жыйында Тоң районундагы Зындан батыш көлүнүн жырылып кетүүсү боюнча айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында туура эмес жазылган маалыматка түшүндүрмө берди.
Даурбек Сакыевдин айтымында, толуп кетүү, жырылуу коркунучу бар бийик тоолуу көлдөрдө жыл сайын үч метод менен: дистанциондук башкача айтканда, космикалык сүрөткө тартуу аркылуу, аэровизиуалдык же тик учактын жардамы менен ошондой эле жөө жүрүүчү жумушчу топтор жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп турат. Тагыраак айтканда, тоо көлдөрү азаюу, көбөйүү динамикасына ээ.
Быйыл да 10-июндан бүгүнкү күнгө чейин алдын ала байкоо иштери уланууда. Зындан батыш көлүндө дагы технологиялык мониторинг жана изилдөө жумуштары аткарылды.
“Өзүңүздөр билгендей, жай айлары ысык болду. Абанын анамалдуу жогорулоосунан мөңгүлөр ээрип, көлдүн көлөмү көбөйгөн. Мындан улам көлдүн жер алдынан (жер алдындагы канал) жырылып кетип, сел пайда болгон. Биз буга чейин эле ӨКМдин Тоң райондук бөлүмү менен жергиликтүү бийликке жана тургундарга алдын ала эскертүү берип, элди коопсуз жайларга алып чыга алдык”, - деди Даурбек Сакыев.
Анын маалыматына ылайык, космикалык сүрөткө тарткан учурда Зыңдан көлүнүн көлөмү 350 миң кубду түзгөн, 21-августтан бери 80%га чейин азайды.
Ошондой эле ал маалымат жыйындын жүрүшүндө жарандарга кайрылып, ӨКМдин коопсуздук чараларын колдонуу боюнча эскертүүлөрүнө көңүл бурууга, сак болууга чакырып, быйылкы жылдын башынан бери эле калкка 300дөн ашык эскертме маалымат беришкенин кошумчалады. Мындан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн маалыматты так жана адилеттүү чагылдырууну өтүндү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР