Жаңылыктар

26.06.2025 12:07

   Кароолор: 62

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЧАРА КӨРҮҮНҮН ИНКЛЮЗИВДҮҮ ЫКМАЛАРЫ ОКУТУЛДУ

КР ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 2025-жылга түзүлгөн пландын алкагында 23-24-июнь күндөрү Каракол жана Нарын шаарларында "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн инклюзивдүү ыкмалары" тренинги өттү.

Бул тренингде майыптыгы бар жарандарды өзгөчө кырдаалдар убагында куткаруу, аларга жардам берүү ыкмаларын “Тендик” коомдук уюмунун жана «Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү» фондунун төрагалары окутту.

Окутууга ӨКМдин Ысык-Көл жана Нарын облустук башкармалыктарынын куткаруучулары катышты.

Мындай тренингдер республиканын башка аймактарында да улантылмакчы.

Эске салсак, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси 2025-жылга кызматташтык планынына кол коюшкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу