Жаңылыктар
27.08.2025 09:36
Кароолор: 325
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ БОЮНЧА АР ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУГА ИШЕНИМ КӨРСӨТҮШТҮ
Кечээ, 26-августта КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борборунун аткаруучу директору Батыр Мамедов баштаган бир катар өкүлдөрдү кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Мазарипов кызматына жаңы киришкен борбордун аткаруучу директору Батыр Мамедовго ийгилик каалап, RESILAND долбооруна, Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борборуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ар тараптуу кызматташып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Министрдин орун басары RESILAND долбоорунун алкагында аткарылган Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борбору менен негизги иш-чараларына токтолуп, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу максатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өлкөнүн климаттык жана техногендик тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга кошкон салымын жогору баалады.
Өз кезегинде аткаруучу директор Батыр Мамедов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешкен бул долбоордун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, аны ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Жолугушууда тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, өзгөчө кырдаалдардын трансчегаралык тобокелдиктерин төмөндөтүүгө багытталчу иш-чараларды талкуулашты.
Соңунда тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү аткарыларына ишеним көрсөтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР