Жаңылыктар

30.09.2025 16:58

   Кароолор: 217

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ЧУКУЛ ЖЫЙЫН ӨТТҮ

ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин буйругу менен бүгүн, 30-сентябрда жакынкы күндөргө күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу чукул жыйын өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кызматтардын, башкармалыктардын жетекчилери катышкан жыйында министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов кырдаалдардын алдын алуу максатында, күч-каражаттарды күжүрмөн даярдыкта кармоонуу эскертти.

Жыйында адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоону, Төө-Ашуу ашуусунда унаа тыгынын болтурбоо, жылынуучу жайларды уюштуруу жана байланышты үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин көтөрдү.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аймактык-шаардык башкармалыктардын жетекчилигине күчөтүлгөн тартипте иштөөнү, автобекеттерде алыскы жолго чыгуу эрежелерин жана жол коопсуздугун сактоону айдоочуларга эскертүү, түшүндүрүү тапшырмасын берди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу