Жаңылыктар
18.02.2025 12:42
Кароолор: 226
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫ ЖОЮУ ЖААТЫНДА КЫРГЫЗ-ФРАНЦУЗ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЧЫҢДАЛУУДА
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү бүгүн, 18-февралда Франциянын Москвадагы Элчилигинин ички коопсуздук боюнча Атташеси Тьерри Де Вильд мырза менен жолугушуу иш-чарасын уюштурду.
Анын жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында эки тараптуу кыргыз-француз кызматташтыгын мындан ары чыңдоо боюнча маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл коопсуздук тармагында тажрыйба алмашууга, КР ӨКМнин жетекчилигинин жана адистеринин өз ара иш сапарларын уюштурууга, өздүк курамды окутууга, кыргызстандык куткаруучулардын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Эң негизги маселе өрткө каршы туруктуулукту өнүктүрүү, тоо-куткаруучуларды даярдоо, суучулдар кызматын чыңдоо, гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Франциянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуусу, өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбоорун кароону тездетүү маселесине токтолушту.
Мындан тышкары, ИНСАРАГ эл аралык уюмуна кирүүнүн алкагында Эдельвейс тоо-куткаруу кошуунунун потенциалын жогорулатууда ӨКМдин издөө-куткаруу отрядын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Өз кезегинде Тьерри Де Вильд мырза сунушталган демилгелерди конструктивдүү кароого даяр экендигин билдирди жана талкууланып жаткан маселелердин оң чечилишине үмүттөнөрүн кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кыргыз-француз кызматташтыгы эки өлкөнүн эли үчүн мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдиришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР