Жаңылыктар

01.07.2026 12:24

   Кароолор: 124

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН ТАРЫХЫЙ МААРАКЕЛЕРИНЕ КАРАТА ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Иш-чара кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон ӨКМдин кызматкерлерин бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Катышуучулар өз өмүрүн элдин коопсуздугу үчүн арнаган кесиптештерин терең урмат жана сый менен эскеришти.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Куткаруучулардын 35 жылдык тарыхы, Өрткө каршы кызматынын 100 жылдыгы жана Кыргызгидрометеорология кызматынын 100 жылдык мааракелери менен жалпы жамаатты куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы, ак ниет кызматы жана жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

«Куткаруучу кесиби - өзгөчө кайраттуулукту, чыдамкайлыкты жана мекенге берилгендикти талап кылган ардактуу кесип. Ар бир кызматкердин эмгеги элдин коопсуздугун камсыздоого багытталган маанилүү кызмат», - деп белгиледи министр.

Соңунда Канатбек Чыныбаев бир катар мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардак грамотасы”, “Аскердик - жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” медалы, “Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 35 жыл, Өрткө каршы мамлекеттик кызматына 100 жыл жана Гидрометеорологиялык кызматына 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады.

Сыйлыкка татыгандар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында жигердүү эмгектенип, кызматтык милдеттерин так аткарып, кесипкөйлүгүн жана күжүрмөн даярдыгын көрсөткөн кызматкерлерден болушту.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу