Жаңылыктар
22.10.2025 17:48
Кароолор: 365
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН РАСМИЙ КАЙРЫЛУУСУ
Акыркы мезгилде Ош шаарында өкүнүчтүү абалды жараткан өрт кырсыктары биринин артынан бири орун алды. Деги эле Кыргызстанда өрттөрдүн саны көбөйүп кетти.
Статистика боюнча быйылкы жылдын башынан бери 9 айда республикада 2748 өрт кырсыгы катталды. Өткөн жылдын 9 айында 2284 учур катталып, өрттүн саны салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Адам өлүмү боюнча айтсак, ушул акыркы окуяда каза болгондор менен чогуу 40 адамдын өмүрүн алды, алардын 12си жаш балдар.
Учурда акыркы жагдайлар боюнча ар ким ар түрдүү пикирлерин жазып, “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каякты карап атат”? “Эмнеге текшербейт, алдын ала эскертүүлөрдү бербейби”? деген ойлорун айтып жатышат. Албетте, Сиздин пикирлер биз үчүн маанилүү, андыктан расмий жооп берип кетүүнү туура көрдүк:
2022-жылдын 13-декабрында кабыл алынган №118 Өрт коопсуздугу жөнүндө КР мыйзамында так жазылган. «Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына жеке менчик турак үйлөрдү текшергенге эч кандай укук берилген эмес.
Ага карабай, ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин буйругу менен ӨКМ адистери жеке турак үйлөрдү, короолорду кыдырып, түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, эскертүү баракчаларын таратып жатышат. Анда жазылган талаптарга сөзсүз көңүл бурууга чакырып келүүдө.
Кыш мезгили жакындап, электр жылыткычтарын массалык түрдө пайдалана баштайбыз. Аларды колдонууда сөзсүз эски электр чубалкыларын алмаштырып, кыска чыналууларга жол бербөөгө аракет кылыныздар.
Анткени өрттүн негизги келип чыгуу себептеринин бири электр приборлору экенин жакшы билесиздер.
Ар бирибизди коопсуздугубуз өзүбүздүн колубузда. Жакындарыбыз жана балдарыбыз үчүн кайдыгер болбойлу!