Жаңылыктар

28.12.2023 17:17

   Кароолор: 666

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ

СЫЙЛЫК-СЫЙМЫК

 

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ

 

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкө аймагындагы мыкты куткаруучулары, өз кесибинин кесипкөйлөрү сыйланды.

Министрдин орун басары Акылбек Мазарипов жетектеген бул жыйынга борбордук аппараттын кызматкерлери катышып, аймактардагы башкармалыктар өздүк курамы менен онлайн байланышка чыгышты.

Салтанаттуу жыйында Акылбек Мазарипов узап бара жаткан жылда министрликтин жетишкен ийгиликтерине кеңири токтолду.

“2023-жыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жемиштүү, ийгиликтүү жылдардан болду. Мамлекеттик мекемелердин сап башында болуусуна, өздүк курамдын демилгелүүлүгү, мыкты жыйынтыктары менен түрткү бердиңиздер. Быйыл сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздер да Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан бааланып, мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыктарга татыдыңыздар”, - деген орун басар жаңырган Жаңы жылда ийгиликтерди каалап өттү.

Ошондой эле Акылбек Мазарипов министр Бообек Ажикеевдин куттуктоосун өздүк курамга жеткирип, министрдин орун басары Эделбек Кулматовго ийгиликтерди жараткандыгы үчүн Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан “Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл” мааракелик төш белгисин ыйгарды.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги мыкты ийгилик жараткан куткаруучуларга жана кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу