Жаңылыктар

05.06.2026 11:45

   Кароолор: 58

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДА БАШКАРУУ БОРБОРУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, 2026-жылдын 4-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Ала-Арча суу сактагычынын аймагында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар жана эс алуучулар менен суу объектилериндеги коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө көңүл суу сактагычтардын жанындагы жүрүм-турум маданиятына, уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөөгө жана балдардын коопсуздугун камсыз кылууга бурулду.

Мындан тышкары, жарандарга 112 бирдиктүү куткаруу кызматынын байланыш номери көрсөтүлгөн маалыматтык брошюралар таратылып, өзгөчө кырдаал жаралган учурда кайрылуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.

Ошол эле күнү кайыгы оодарылып кеткен төрт өспүрүмдүн 112 кызматына өз убагында кайрылуусу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжалуулугун далилдеди. Жарандардын 112 кызматынын номерин билиши жана өзгөчө кырдаалда туура аракет көрүшү ыкчам жардам көрсөтүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк түздү.

Мындай профилактикалык иш-чаралар калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 4-июнуна карата республика аймагында суу кырсыктарынан 16 адам каза болсо, ал эми 2026-жылдын 4-июнуна карата бул көрсөткүч 28 адамды түздү.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу