Жаңылыктар

09.09.2026 20:48

   Кароолор: 44

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНДЕ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНГАН КООМДУК КАБЫЛДАМА ЖАРАНДАРГА ЭШИК АЧТЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көйгөйлүү маселелери менен кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, заман талабына ылайык жасалып, кайрадан жаңыланган коомдук кабылдама өз ишин баштады.

Президент Садыр Жапаровдун койгон талабы – мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери карапайым элдин мүдөөсүн жакындан угуп, сунуштарын, ой-пикирин ачык айта турган аянтча түзүү жана көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүү.

Мындан улам Кыргыз Респуликасынын Президентинин 2026-жылдын май айындагы №181 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, эл менен бийликтин ортосундагы ишеним көпүрөсү, жарандардын үнү угулган, көйгөйү көңүл сыртында калбаган, ар бир жаран үчүн маанилүү аянтча түзүлдү.

Коомдук кабылдаманы жаңылоо менен жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, алардын кайрылууларын ыкчам жана натыйжалуу кароо талаптары коюлду. Буга ылайык жарандар кабыл алуу бөлмөсүндө министрликтин жетекчилигине жолугуп, сунуштарын, сын-пикирлерин түз жеткире алышат.

Мындан сырткары кабылдамадагы QR-код элементтери аркылуу министрдин өзүнө коррупцияны алдын алуу, сын-пикирлерин, сунуштарын түз билдирүүгө мүмкүнчүлүктөр да түзүлдү.

https://www.facebook.com/share/v/195soSnvgT/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу