Жаңылыктар
21.09.2026 13:14
Кароолор: 15
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Жаңы доордун жаратманы» аталышындагы маданий иш-чара өткөрүлдү.
Салтанатттуу иш-чарада “Аруу-Нур” коомдук фондунун негиздөөчүсү, насааткер Атыркүл Балбаева кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салттарына, сандарды колдонуудагы философиялык маанисине, элдик ооз эки чыгармачылыгына кеңири токтолду.
Андан соң чач өрүүдөгү, кыз узатуудагы жөрөлгөлөр көрсөтүлүп, кыз-келиндердин баш кийимдериндеги жаш курагына ылайык өзгөчөлүктөрүн жана кыргыз саяпкерчилигин айтып беришти.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн сүйлөп, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун улантууга чакырды. Ал өз сөзүндө, эне тилдин улуттук нарк-насилди, каада-салтты жана тарыхый мурасты муундан муунга жеткирүүдөгү ордуна токтолуп, кыргыз тилин урматтоо жана өнүктүрүү ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгиледи.
Соңунда “Аруу-Нур” коомдук фондуна министрликтин “Ыраазычылык каты” тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ