Жаңылыктар
09.10.2025 17:49
Кароолор: 318
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНДЕ КИБЕРКООПСУЗДУК БОЮНЧА ОКУУ СЕМИНАРЫ ӨТТҮ
Бүгүн, 9-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында киберкоопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо, маалыматтык технологияларды колдонуу менен алдамчылыктын алдын алуу боюнча семинар өттү.
КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын адистери менен өткөрүлгөн иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.
Анда интернет коркунучтары, маалыматтык коопсуздуктун ыкмалары, компьютердик чабуулдарда жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле IT-инфраструктуранын ишенимдүүлүгү жана санариптик чөйрөдө коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу маалыматтар айтылды.
Катышуучуларга коопсуз электрондук почтаны жана паролду башкаруунун негизги принциптери, ошондой эле бизнес маалыматтарын коргоо менен сак болуусу эскертилди.
Мындай окуу иш-чараларын өткөрүү кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга жана маалыматтык коопсуздукту чыңдоого жардам берет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР