Жаңылыктар
20.03.2025 14:56
Кароолор: 369
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана министрликке караштуу Токой кызматы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Барпы айылында көчөт отургузуу иш-чарасын өткөрдү. Ага Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, ӨКМдин Жалал-Абад облустук жана шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жарыялаган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында уюштурулуп, өлкө аймагында экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга жана токой массивдерин кеңейтүүгө багытталган. Кампания “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” алкагында башталган.
Иш-чаранын алкагында 100 гектар аянтка жалпысынан 40 миң көчөт, анын ичинде ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын жети түрү отургузулат. Бул иш-чара экологияны коргоо, жашыл аймактарды көбөйтүү жана климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш ресурстарын коргоо жана жашыл аймактарды сактоо боюнча иштерди улантып, экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга активдүү салым кошо берет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР