Жаңылыктар

09.07.2026 12:38

   Кароолор: 32

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЖАЙКЫ ОКУУ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК САБАКТАРЫН БАШТАДЫ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ведомстволук жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына, жарандык персоналдарына 2026-жылдын жайкы окуу мезгили үчүн командирдик, күжүрмөн жана атайын даярдык сабактарын баштады.

Жарандык коргоо абалын жогорулатууга багытталган окуу машыгууда 2026-жылдын 8-июлунан тартып ӨКМдин аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн өздүк курамы мерчемделген пландарга жана окуу программасына ылайык, коомдук-мамлекеттик даярдык сабактарынан өтүп, тарбиялык иштерин чыңдашат.

Окуу мезгилинин алкагында өздүк курам өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча теориялык билимдерин тереңдетүү менен бирге практикалык машыгууларга да активдүү катышып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам аракеттенүү боюнча көндүмдөр өркүндөтүлөт.

Мындан сырткары, өздүк курамдын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, аскердик тартипти бекемдөөгө жана кызматтык милдеттерди так аткарууга өзгөчө көңүл бурулат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу