Жаңылыктар
08.05.2025 14:15
Кароолор: 337
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН АСКЕРДИК ПАРАДГА КАТЫШТЫ
Бишкек, 8-май 2025-жыл
Бүгүн Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” борбордук аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад салтанаттуу түрдө өттү. Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы курамы активдүү катышып, өзүнүн татыктуу ордун дагы бир ирет көрсөттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров катышып, кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, тынчтыктын жана эркиндиктин баркын урпактарга жеткирүүнүн маанисин белгиледи.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жетектеген делегация курамында министрликтин ардагерлери жана өздүк курамы аскердик парадга катышып, Улуу Жеңиш күнүнүн ыйык маанисине таазим көрсөтүштү.
Парадда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 96 куткаруучусу салтанаттуу сап менен өтүп, эл алдында министрликтин кадыр-баркын, тартипти жана даярдыкты дагы бир ирет тастыктады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуу Жеңиш күнүндө мекенди коргогон баатырларды эскерүү, тынчтыктын баасын урпактарга жеткирүү жана эр жүрөк муундардын салымын унутпоону артыкчылык катары эсептейт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР