Жаңылыктар
08.05.2025 20:30
Кароолор: 251
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ СОГУШ АРДАГЕРИ ВАСИЛИЙ ПУХАРЕВГЕ СЫЙ КӨРСӨТТҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай, 101 жаштагы ардагер Бишкек шаарынын тургуну Пухарев Василий Дмитриевичтен кабар алып, акчалай белектерин тапшырды.
Согуш ардагери 1925-жылы туулган. Япония менен болгон согуштун катышуучу.
Маньчжурия аймагында айдоочу болгон. Жоокерлерди ташуу убагында япондордун бир канча жолку артиллериялык аткылоосуна туш болуп, аларды позицияларына аман-эсен алып чыгып турган. “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиши үчүн” медалы, Жеңиштин юбилейлик мааракелерине арналган бир катар сыйлыктары менен сыйланган. Пенсияга чейин Ленин заводунда эмгектенген.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камкордуктагы согуш ардагерлерине сый көрсөтүп, акчалай жана башка белектерин тапшырууну салтка айландырган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР