Жаңылыктар
16.02.2026 15:43
Кароолор: 81
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРЕТ
2026-жылдын 16-февралынан 18-февралына чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу;
- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдары;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдары;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
- Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымдарында;
- Арал – Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Кандайдыр кырдаал катталса же күбө болсоңуз 112 кызматына билдириңиз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР