Жаңылыктар

21.01.2025 13:22

   Кароолор: 274

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРЕТ!

22-23-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда туман түшүшү, өлкөнүн түштүгүндө зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет. 23-январь күнү күндүз жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бул күндөрү зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыгууну, тоодо эс алууну токтото турууну жана сууктан сактанууну ӨКМ эскертет.

Унааңызда кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну унутпаңыз. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу