Жаңылыктар

21.05.2026 20:55

   Кароолор: 177

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫН БААЛООДО

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген бул маанилүү иш-чаранын алкагында Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын аткарышы, өзгөчө кырдаалдар катталган учурда Медициналык кызматынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө даярдык абалы бааланууда.

Жарандык коргонуу абалын баалоонун негизги максаты - табигый жана техногендик кырсыктардын, согуш талаасында жабыр тарткан калктын, адамдардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн медициналык жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүү, дары-дармектердин резервин түзүү, аларды даярдыкта кармоо, жугуштуу оорулардын пайда болушун жана таралышын алдын алуу иш-аракеттерин чыңдоо жана талаа шартында зарыл болгон дарылоо базаларын талапка ылайык уюштурулушун камсыз кылуу болуп саналат.

Баалоону республикалык деңгээлде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук Аппаратынын комиссиясы, ал эми облустук, шаардык жана райондук деңгээлде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук, Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын жана райондук бөлүмдөрүнүн комиссиялары жүргүзөт. Ошону менен катар комиссия курамы тарабынан жеринде тиешелүү усулдук-методикалык жардамдар көрсөтүлмөкчү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу