Жаңылыктар

27.11.2025 11:46

   Кароолор: 1998

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ӨЗ ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ ИРИ ЖАҢЫЛАНУУНУ ИШКЕ АШЫРЫП ЖАТАТ

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык паркы тарыхта болуп көрбөгөндөй тездик менен жаңыланууда. Акыркы беш жылда министрлик мамлекеттик бюджеттин эсебинен 7 миллиард сомго 652 атайын техника алды, анын ичинен 102си ушул жылы алынды.

Мындай ири жаңылануу президент Садыр Жапаровдун системалуу колдоосунун аркасында ишке ашып жатат. Өзгөчө кырдаалдардын жана климаттын өзгөрүү шартындагы табигый кырсыктарынын көбөйүшүн эске алуу менен, бийликтегилер куткаруучулардын даярдыгын жогорулатууну артыкчылыктуу багыт катары кароодо.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу