Жаңылыктар
27.03.2026 09:28
Кароолор: 630
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ӨРТ-КУТКАРУУ БӨЛҮКТӨРҮН МАСШТАБДУУ ЖАҢЫЛООДО
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн тарыхында биринчи жолу ири курулуштарды ишке ашырып жатат.
Анын бир эле мисалын алсак, республика боюнча 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараттарын кайра жаңыдан куруп, ишке берүүнү пландоодо.
Буга чейин өрт өчүрүүчүлөр Совет доорунан калган эски, шарты жок, тар имараттарда иш алып барууга аргасыз болуп келишсе, эми бул күндөр артта калып, заманбап, ыңгайлуу имаратта өз кызматтарын улантабыз деген тилектери орундалууда.
Мындай олуттуу өнүгүүлөр, өздүк курам үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүү саясаты 2021-жылдан тартып президент Садыр Жапаровдун системдүү колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашып жатат.
Өлкө боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жаңы салынып жаткан бир типтүү 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараттары бир жана эки кабаттан турат. Алардын бардыгы быйылкы жылдын 1-июлунда — Куткаруучулар күнүндө салтанаттуу ачылып, расмий тапшырылат. Муну менен жалпы 92 бөлүк кызмат көрсөтүп келсе, мындан тышкары дагы 5 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушу пландалууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР