Жаңылыктар
21.02.2025 11:25
Кароолор: 528
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ МЫКТЫ ИШТЕГЕН ОРГАН ДЕП АТАЛДЫ
Бүгүн, 21-февралда "Ынтымак Ордодо" КР Президентинин Администрациясынын Коллегиясынын отуруму өтүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө эң мыкты иштеген орган катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аты аталып, өз ишин натыйжалуу уюштуруп, документтерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууга жетишкен алдыңкы үч органдын катарына кирди.
Коллегияда сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөдөгү экономикалык, инфраструктуралык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн баары – Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун күчтүү саясатынын натыйжасы экенин белгилеп өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР