Жаңылыктар
19.09.2026 14:38
Кароолор: 712
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ИШЕМБИЛИКТЕ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына ылайык, сентябрь айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” катары белгиленген.
Аталган Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы өлкө аймагында ишембилик өткөрдү.
Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери тазалык күнүнө активдүү катышып, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө таштандылар жыйналып, аймак ирээтке келтирилип, айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыздоого багытталган иштер аткарылды.
Республикалык ишембилик айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу жана калк арасында тазалык маданиятын жайылтуу максатында өткөрүлдү.