Жаңылыктар

17.07.2026 18:19

   Кароолор: 44

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫК БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

Бүгүн, 17-июлда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын I жарым жылдыкта аткарган иштеринин жыйынтыгы жана II жарым жылдыкта аткара турган негизги милдеттери боюнча коллегиясы өткөрүлдү.

Министр Канатбек Чыныбаевдин төрагалыгындагы жыйынга коллегия мүчөлөрү, ӨКМдин алдындагы мекемелердин, өлкө аймагындагы башкармалыктардын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Баяндамачы, министрдин орун басары полковник Алмазбек Асановдун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 6 айы өткөн жылга салыштырмалуу оор болду. 2026-жылдын 6 айында өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталса, өткөн жылдын ушул мезгилинде 7 кырсык катталып, 26га көп болгон. Кырсыктан каза болгон адамдардын саны быйыл 24тү түзсө, өткөн жылы катталган эмес.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 1258 өрт кырсыгы, 280 сел катталды. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге жалпы 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жолдор сел калдыктарынан тазаланган.

Жыйында маалымдалгандай, быйылкы жылы өрт-куткаруу бөлүктөрүн заманбап техника, жабдыктар менен камсыздоого, күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө жана тактикалык машыгууларга өтө чоң көңүл бурулуп, куткаруучулардын тажрыйбасы кыйла бекемделди. Натыйжада 6 ай ичинде ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 197 адам куткарылган.

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында табигый кооптуу тилкелерди аныктоо боюнча 1322 мониторинг жана изилдөө иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында коргоочу иш-чаралардын аткарылышы менен 2026-жылдын 6 айында 5801 метр дамба, 131 метр темир бетон тосмолор курулуп, 1651 турак жай, 875 га айыл чарба аянттары корголду.

Коллегиянын жүрүшүндө министр Канатбек Чыныбаев Жарандык коргонуунун абалын чыңдоо боюнча республика аймагында мамлекеттик органдар менен биргеликте тыгыз иштешүүнү, команда-штабдык, жана атайын тактикалык машыгууларды күчөтүүнү, кырсыктарга ыкчам чара көрүү аракеттерин өркүндөтүүнү буйруду.

Мындан тышкары Канатбек Чыныбаев адам өмүрүн сактоо ӨКМдин ишиндеги эң башкы артыкчылык экенин белгиледи. Ал сууга чөгүп каза болгон ар бир бала кайдыгер кароого мүмкүн болбогон чоң трагедия экенин айтып, мындай учурларды болтурбоо үчүн калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле министр өз өмүрүн тобокелге салып, адамдарды куткарган куткаруучулардын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө болушу керектигин белгилеп, аларды заманбап жабдуулар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, сел, суу ташкыны жана жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу чараларын күчөтүү милдетин коюп, ӨКМдин негизги максаты өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу менен гана чектелбестен, адам өмүрүн сактап калуу үчүн алардын алдын алуу экенин баса белгиледи.

ӨКМ башчысы министрликтеги жетишкен бир катар ийгиликтерди, ишке ашырылган ири долбоорлорду белгилеп, кызматкерлерди мындан ары дагы жоопкерчиликти талап кылган чакырыктарга ар дайым даяр болууга чакырды. Ошону менен катар ишинде кемчиликтерге жол берген айрым жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Коллегиянын жыйынтыгында 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарыла турган негизги милдеттер коюлду.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында өзгөчө кырдаалдардын саны көбөйүп, табигый кооптуу көрүнүштөр күчөгөнүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнү, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү жана алдын алуу иш-чараларын үзгүлтүксүз камсыздап келүүдө. Министрликтин башкы артыкчылыгы - жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоо, ошондой эле күч-каражаттардын ар кандай кырдаалга ар дайым даяр болушун камсыз кылуу болуп саналат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу