Жаңылыктар

08.10.2025 17:46

   Кароолор: 312

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

Бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдын 9 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы жана жыл аягына чейин аткаруу үчүн негизги милдеттери боюнча коллегия министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун төрагалыгы менен өттү.

Жыйынга коллегия мүчөлөрү, ӨКМдин алдындагы мекемелердин, өлкө аймагындагы башкармалыктардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин орун басары Акылбек Мазарипов 9 айдагы ишмердүүлүк жөнүндө маалымат берип, негизги милдеттерди баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө мониторинг жана байкоо жүргүзүүгө, материалдык резервге, токой аянттарын кеңейтүүгө, өлкөдөгү өрт, сел-суу кырсыктардан келтирилген материалдык чыгымдарга токтолду.

Алсак, быйыл 9 ай ичинде республиканын аймагында 10 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 16 адам каза болду (жол кырсыгынан), келтирилген материалдык чыгым 45 млн 580 миң сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине өзгөчө кырдаалдардын саны 92,25%, ал эми материалдык чыгым 96%га азайган.

"Ал эми кырсыктардын статистикасын карасак, өлкөдө жалпы 3286 кырсык катталган, былтыркыга салыштырмалуу 15% көп, каза болгондор 243тү түзүп, 3,2%га азайган. Мындан материалдык чыгым 1 млрд 551 млн 27 миң сомду түздү. Ошондой эле куткаруучулардын күжүрмөн аракеттери менен ар кандай кырдаалдардан 342 адам өмүрү сакталды. Бул өткөн жылга караганда 46,15%га көп”, - деди Акылбек Мазарипов.

Анын айтымында, селдин алдын алуу, дамбаларды, селканаларды бекемдөөгө жалпы 241 объект каралып, 9 айдын жыйынтыгы менен 216 объектте жумуштар аткарылып, натыйжада 11 128 кожолук, 1697 га айыл чарба аянттары корголгон. Анын экономикалык натыйжалуулугу 68,6 эсеге жогорулаган.

Мониторинг, божомолдоо иш чараларына кыскача токтолсом. Бүгүнкү күндө республиканын аймагында он эки миңге жакын ар кандай табигый мүнөздө кооптуу процесстер бар.

2025-жылдын 9 айында жалпы 1563 изилдөө иштери жүргүзүлгөн, анын ичинен эң көп санда сел жана суу ташкындоо процесстерине 798 изилдөө иштери жүргүзүлүп, бул жалпы изилдөөлөрдүн 51%ын түздү. Ал эми жер көчкү процесстерине 245 изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1039 корутунду чыгарылып, 395 атайын эскертме каттары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүлгөн.

Баяндаманын соңунда ӨК министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов министрликтин тиешелүү кызматтарына кыш мезгилине карата күч каражаттарды даярдыкка келтирүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мекемелердеги ийгиликтерди мурунку жылдардын статистикасына салыштырмалуу баса белгилеп, мындан ары да өнүктүрүүнү жана бардык тармактарга милдеттерди так аткаруу тапшырмасын берип, ийгиликтерди каалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу