Жаңылыктар
26.03.2025 18:16
Кароолор: 421
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИНИН ИШ САПАРЫНЫН ЭКИНЧИ КҮНҮ: БАТКЕН ЖАНА ОШ ОБЛУСТАРЫНДАГЫ КЫРСЫКТАРДЫН КЕСЕПЕТТЕРИ ТЕКШЕРИЛДИ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Баткен жана Ош облустарында иш сапар менен болуп, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы абал менен жеринде таанышты.
Баткен облусу, Кадамжай району, Жеңиш айылы (Айранчи сайы)
2024-жылдын 24-июнь күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Исхак-Полотхан айыл аймагынын Гөзал-Ата жана Айранчи жайлоолорунан түшкөн сел сел тосмо дамбасын бузуп, Жеңиш айылына олуттуу зыян келтирген.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана келечекте коопсуздукту камсыздоо максатында 2024-жылга “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” планына өзгөртүүлөр киргизилип, Айранчи сел тосмо дамбасы калыбына келтирилди. 2025-жылы кошумча 220 метр аймакты чоң таштар менен бекемдөө пландалууда. Учурда тиешелүү документтер даярдалууда.
Ош облусу, Ноокат району, Жийде айылы (БАМ бөлүмү)
Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан Көк-Тоо жана Колоттордон түшкөн сел 2024-жылы алтынчы жолу Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунун №57-чакырымын бөгөп, унаа каттамын токтоткон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү тарабынан жол тазаланып, каттам кайра жанданды.
Куткаруучулар жана мөөнөттүү жоокерлер менен жолугушуу
Андан соң, министр ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядына барып, куткаруучулар жана мөөнөттүү жоокерлер менен жолугушту. Жоокерлер жана куткаруучулар өз шарттары, даярдык деңгээли тууралуу маалымат берип, турник, брус жана башка спорттук көнүгүүлөрдү аткарып, кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүштү. Министр алардын кайраттуулугун белгилеп, зарыл шаймандар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР