Жаңылыктар

26.03.2025 12:45

   Кароолор: 190

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИНИН БАТКЕНДЕГИ ИШ САПАРЫ УЛАНУУДА

ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев кооптуу аймактарды көзөмөлдөп, жүрүп жаткан алдын алуу иштерин текшерди. Раззаков шаарында сел өткөрүүчү каналдар менен темир-бетон тосмолорун куруу долбоорлору каралып, аймактагы сел коркунучун азайтуу чаралары талкууланды.

Өткөн жылдагы сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бообек Ажикеев

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу