Жаңылыктар

26.09.2026 23:20

   Кароолор: 8

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ ТЕМИР АЙЫЛЫНДАГЫ СЕЛ ӨТҮҮЧҮ КАНАЛДЫН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ

Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылындагы сел өтүүчү каналдын курулушунан кабар алды.

"Арчалуу" сел өтүүчү каналынын курулушу 2026-жылдын 29-апрелинде башталган. Каналдын жалпы узундугу 2040 метрди түзүп, анын нугуна 11 ички күпөрү курулат. Темир айылын селден коргоочу каналдын курулушун ушул жылдын ноябрь айында бүтүрүү мерчемделген. Натыйжада айылдагы 200дөн ашуун турак үй, ички чарбалык жолдор, Бишкек — Каракол негизги авто унаа жолдун 600 метр тилкеси селден корголот.

Мындан сырткары министр райондун Бактуу-Долоноту айылындагы сел өтүүчү каналдын курулушуна барды. Аталган каналдын жалпы узундугу 2500 метрди түзөт. 2025-жылы 1350 метр нугу жана 4 көпүрө курулган. Учурда каналдын 1250 метр нугунун курулушу жүрүүдө.

Иш сапардын алкагында министр ошондой эле Ананьево айылындагы жаңы курулуп жаткан №33 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнө барды. Учурда курулуш 67% бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, ӨК министри өлкө боюнча кырсыктардын алдын алуу жана калкка ыкчам жардам көрсөтүү багытында жүрүп жаткан курулуштардын жүрүшүн жеринен тыкыр көзөмөлгө алууда.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу