Жаңылыктар
11.04.2026 20:34
Кароолор: 6
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ СЕЛ КОРКУНУЧУ БАР ТИЛКЕЛЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында сел коркунучу бар аймактарды жеринен көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Иш сапардын жүрүшүндө Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылындагы кооптуу тилкелер каралды. Аталган аймакта жаз-жай мезгилинде жаан-чачын нөшөрлөп жааган учурда сел жүрүү коркунучу жогору болуп, Борбаш айылындагы 250 турак жайга жана 12,0 гектар үлүш жер аянттарына коркунуч жаралып келүүдө.
Бул жагдайды эске алуу менен Тескей-Кожеке айылында сел суулары топтолуп түшүүчү жерге атайын долбоордун негизинде коргоочу дамба куруу зарылдыгы белгиленди.
Министр сел коркунучу бар башка айылдарды да кыдырып чыгып, тиешелүү адистерге долбоордук-сметалык документтерди тез арада даярдоо тапшырмасын берди. Ошондой эле, долбоор даяр болгон шартта бул маселени үстүбүздөгү жыл ичинде чечүү боюнча аракеттер көрүлөрүн белгилеп, жергиликтүү тургундарга тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Ош облустук башкармалыгы