Жаңылыктар

01.03.2026 19:43

   Кароолор: 16

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ НАРЫН ДАРЫЯСЫНЫН КООПТУУЛУК ЖАРАТКАН ТИЛКЕЛЕРИН КЫДЫРЫП ЧЫКТЫ

Өткөн жылы Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөрүлгөн IV Элдик Курултайда дубандын Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын нугун бекемдеп, калктуу конуштарды коргоо маселеси көтөрүлгөн.

Элдин көйгөйүн жеринде көрүү максатында бүгүн, 1-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов иш сапары менен Нарын облусунда болду.

Мындан улам министр Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Мирлан Камчыбеков жана жергиликтүү бийлик өкулдөрү менен Ак-Талаа районунан агып өткөн Нарын дарыясынын кооптуу тилкелеринде болду.

Жеринде калктуу конуштарды жана айыл чарба жерлерине кооптуулук жараткан аймактарын кыдырды

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу