Жаңылыктар

11.11.2025 17:23

   Кароолор: 26

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КУРГАН МЕКТЕПТИ АЧУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ

Бүгүн Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Ана-Кызыл айылында Арзыбай Өмүрзаков атындагы мектептин жаңы имаратын ачуу  салтанаты өтүп, анын босого боосу чечилди.  Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев баш болгон мектеп жамааты жана жергиликтүү тургундар катышты.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан курулган мектеп имараты ERIK (Enhancing Resilience in Kyrgyzstan) долбоорунун алкагында  Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашты.  Жаңы имарат 2024-жылдын сентябрь айында башталган мектеп толук аяктаган. Айыл тургундары үчүн кубаныч тартуулаган билим берүү мекемесинин заманбап жабдылган жаңы имаратта 275 окуучу окуй алат. Мектептердин сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу жана балдар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү.

Жаңы билим берүү мекемеси заманбап инфраструктура менен камсыздалып, 17 окуу кабинети, компьютердик жана лабораториялык класстар, китепкана, спорт залдары, ашкана, медициналык пункт жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн пандус, лифт менен камтылган.

 

КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу