Жаңылыктар
23.04.2026 17:20
Кароолор: 61
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА ИШ-САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келди. Сапардын алкагында иш-чаралар Токтогул районунан башталды.
Министр жеринде министрликтин карамагындагы «Итагар» кар көчкү станциясындагы абал менен таанышып, жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берди.
Мындан тышкары министр Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №97 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратында болуп, Иманалиев айыл аймагында курулуп жаткан №60 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты менен таанышты. Ошондой эле Кара-Көл шаарында жайгашкан №105 жана №94 өрт-куткаруу бөлүктөрүнө барды.
Сапардын жүрүшүндө министр куткаруучулар үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыгып, өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулардын көйгөйлөрүн укту.
«Куткаруучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү - учурдун негизги талаптарынын бири. Биз ар дайым калктын коопсуздугу үчүн кызмат кылышыбыз керек», - деп белгиледи Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев.
Иш сапар уланууда: министр облус аймагындагы башка бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып, кооптуу аймактарга чыгуу иш-чараларын улантат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://www.facebook.com/share/v/1AzPakH67z/