Жаңылыктар

22.04.2026 16:20

   Кароолор: 11

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды.

Министр Чолпон-Ата шаарындагы, Булан-Сөгөтү айылындагы жана Түп районундагы өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн абалы, ошондой эле алардын материалдык-техникалык камсыздалышы жана өздүк курамдын кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Бактуу-Долоноту жана Темир айылдарында жээк бекемдөө иштеринин жана сел өткөрүүчү каналдардын курулушунун жүрүшү текшерилди. Бул долбоорлор 90дон ашуун турак жайларды жана чарбалык объектилерди табигый кырсыктардан коргоого багытталган.

Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциянын аймагындагы объектилер каралып, канал бекемдөө иштери аяктаганы белгиленди. Ошондой эле Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча суу алдындагы кызматтын ишмердүүлүгү менен таанышуу жүргүзүлдү.

Иш сапардын жыйынтыгында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларын күчөтүү жана жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

https://www.facebook.com/share/r/1P5cxfXPnA/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу