Жаңылыктар

21.03.2026 09:12

   Кароолор: 4

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ УЛУУ НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу куткаруучулар!

Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамы менен Өзгөчө кырдаалдар мигистрлигинин өздүк курамынын атынан жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз — кыргыз элинин тарыхында шаң салтанат менен белгиленип, табиятта жаңыланууну, жан бүткөндүн баарына тартууланган жаңы жашоону, жаратылыш менен тыгыз байланышты даңазалап келишкен.

Элибиз дыйканчылыкта жаңы жашоо үрөнүн сээп, келерки жылдын камылгасын көрүү амалдарын дал ушул күн менен түн теңелгенде баштап, “Жер энебиз ууз чачып, жер жарылып чөп чыксын”, - деген улуу сөз байыркылардан ушул жөрөлгөсүнөн калган.

Улуу Нооруз майрамы жергебизге тынчтык, бейпилдик, элибизге токчулук, биримдик, ырыс тартууласын.

Мекенчилдик менен Кыргыз журтчулугуна кызмат кылып, элибиздин амандыгын камсыздайлы.

Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу