Жаңылыктар

02.07.2026 22:43

   Кароолор: 51

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ СУУ КАПТОО ЖҮРГӨН ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНА КЕЛДИ

ӨКМ башчысы 1-июль күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суу каптоо катталган Ысык-Көл районундагы кырдаал жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Орто-Кой каналын жана суу каптоо коркунучу бар тилкелерди көрүп чыкты.

Иш сапардын жыйынтыгында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу боюнча биринчи кезектеги чаралар аныкталып, калыбына келтирүү жана алдын алуу иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу