Жаңылыктар
27.05.2026 10:28
Кароолор: 82
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТАРДАГЫ АБАЛ МЕНЕН ЖЕРИНЕН ТААНЫШТЫ
Жааган нөшөрлүү жаандын кесепеттеринен сел жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак району жана Манас шаарындагы аймактарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жеринен барып көрдү.
Иш сапардын жүрүшүндө министр сел каптаган аймактардагы абал менен таанышып, селдин келип чыгуу себептерине жана кооптуу тилкелерге өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле жеринде жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алды.
Министрликтин алдындагы Мониторинг департаментинин өкүлдөрүнө сел сууларынын агымын ыкчам изилдеп чыгып, сел каналдарынын альтернативдүү багыттарын кароо жана алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, кооптуу аймактарга инженердик коргонуу чараларын көрүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди тездетүү тапшырылды.