Жаңылыктар

20.03.2026 08:01

   Кароолор: 9

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА ӨЗ КУТТУКТООСУН ЖОЛДОДУ

Урматтуу кыргыз журтчулугу!

Кымбаттуу куткаруучулар!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынын жана өзүмдүн атымдан кыргыз журтчулугун бүгүнкү Орозо Айт майрамы менен куттуктайм.

Жараткандын мээрими түшкөн ыйык айда момун мусулмандардын кармаган Орозосу, тилек-дубалары кабыл болсун!

Бул ай– сабырдуулуктун, боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана руханий тазалануунун символу.

Орозо айы ар бирибизди жакшылыкка үндөп, бири-бирибизге кол сунууга, муктаждарга жардам берүүгө чакырды. Айт күнү ушул асыл баалуулуктарды бекемдеп, коомдогу ынтымакты жана биримдикти чыңдай алабыз.

Ал эми Кыргыз Мамлекетинде экономикалык өнүгүү, биримдик, молчулук, эң башкысы – тынчтык болсун!

Урматтуу куткаруучулар!

Кадырман момун мусулмандар!

Ар дайым Кыргыз журтчулугунун артыкчылыгы, асыл наркы – ынтымак, биримдик, тынчтык жана мекенчилдик, мээримдүүлүк сезимдерин туу тутуп, көкүрөгүбүзгө түйө билели.

Жаратканыбыз Кыргыз журтчулугун бөөдө келген апааттан сактап, ар бириңиздерди кут жылоолосун!

Жан бүткөндүн баарына боорукер болууга, кам көрүүгө чакырган улуу Орозо Айт майрамыңыздар кут болсун!

Айтыңыздар маарек болсун!

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу