Жаңылыктар
05.08.2026 19:41
Кароолор: 62
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ЖЭЭК БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
2026-жылдын 5-август күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы Ош облустук «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» бөлүмүнүн балансындагы Терек дарыясынын оң жээгинде жүргүзүлүп жаткан 238 метр жээк бекемдөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Аталган объект пайдаланууга берилгенден кийин 50 турак жай жана 3 гектар айдоо жери сел жана суу ташкындарынын коркунучунан корголот.
2026-жылга бекитилген божомол-планга ылайык, курулуш иштери боюнча жалпы суммасы 14 млн 455 миң 533 сомду түзгөн 3 объект каралган. Ошондой эле оңдоо жана кайра калыбына келтирүү боюнча 3 объектте иштер жүргүзүлүп, жалпы узундугу 436 метр болгон коргоочу тосмолор оңдолот. Натыйжада 330 кожолук жана 237 гектар айыл чарба жерлери сел жана суу ташкындарынын коркунучунан корголот.
Иш сапардын жүрүшүндө министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жооптуу кызматкерлер менен жолугуп, курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ