Жаңылыктар

22.06.2026 16:13

   Кароолор: 7

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ АК-ТАЛААДАГЫ СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙЫЛДАРДА БОЛДУ

2026-жылдын 22-июнунда Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларга жана бир катар инфраструктуралык объектилерге зыян келтирген.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жеринде көрүү жана калк менен жолугушуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев аталган айылдарга барып, кырдаал менен жеринен таанышты.

Министр Жаңы-Тилек айылында селден жабыркаган турак жайлардын ээлери менен жолугуп, сел калдыктары топтолгон каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде коргоо курулмаларын куруу маселеси тиешелүү адистердин техникалык корутундусуна ылайык караларын белгиледи.

Мындан тышкары, Ак-Чий айылынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан алты турак жайды сел коркунучунан коргоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылга карата «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чаралар планына кошумча киргизүү боюнча тиешелүү сунуштарды берди.

Ошондой эле «Мыкаачы» суусунун нугунда топтолгон сел калдыктарын жана бак-дарактарды тазалоо иштерин уюштуруу боюнча жооптуу кызматтарга тапшырмалар коюлду.

Учурда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Чий айылында кырдаалга байланыштуу жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу