Жаңылыктар

07.04.2026 12:25

   Кароолор: 84

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ К. ЧЫНЫБАЕВ МОГОнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ АРГУДЖ КАЛАНТАРЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 6-апрелде Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун (МОГО) Башкы катчысы Аргудж Калантарли жетектеген делегацияны кабыл алды.

Тараптар ишеним принциптерине негизделген туруктуу жана конструктивдүү кызматташууну белгилешти. Өз ара аракеттенүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана калкты, аймактарды коргоого багытталган маселелерди талкуулашты.

Кызматташуунун практикалык багытын күчөтүү зарылдыгы баса белгиленип, Жарандык коргонуу системасын өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого, заманбап ыкмаларды киргизүүгө, ошондой эле гуманитардык жана техникалык долбоорлорду ишке ашырууга, жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн маалымдуулугун жана даярдыгын жогорулатууга көңүл бурулду.

Баш катчы Кыргызстандын МОГОдогу ишмердүүлүгүнө кошкон салымын жогору баалап, анын маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри кызматташуунун артыкчылыктуу жана келечектүү багыттарын аныктады.

Бишкек шаарындагы МОГОнун Борбор Азия жана Азия боюнча аймактык кеңсесинин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктары жана өлкө аймагында пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү маселелери талкууланды. Негизги багыттар катары окуу-машыгуу ыкмаларын өнүктүрүү, адистештирилген полигондорду түзүү жана жабдуу, куткаруучуларды, өрт өчүрүүчүлөрдү жана суучулдарды даярдоо, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, бөлүмдөрдү заманбап жабдуулар менен камсыздоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу механизмдерин аймактык деңгээлде өркүндөтүү белгиленди.

Тараптар жарандык коргонуу системасын бекемдөө жана кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча ачык диалогго жана жалпы жоопкерчиликке негизделген мындан аркы кызматташууга даяр экенин тастыкташты.

Сапардын алкагында МОГОнун Баш катчысы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердүүлүгү, жооп кайтаруу системасынын иштөө принциптери жана колдонулган техникалык каражаттар менен таанышты. Ошондой эле Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборуна барды. Ал жерде заманбап өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу унаалары, атайын техникалар көрсөтүлүп, издөө-куткаруу иштеринин жүргүзүлүшү тааныштырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу