Жаңылыктар
01.03.2025 10:11
Кароолор: 275
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ ОРОЗО АЙЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР Бообек Ажикеев ОРОЗО АЙЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Урматтуу куткаруучулар жана ардагерлер!
Кадырлуу мусулмандар!
Сиздерди Ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!
Орозо – жан дүйнөнү тазалоонун, мусулман жамааты үчүн ыйык, касиеттүү ай.
Бул ай айкөлдүктүн, кайрымдуулуктун, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы.
Орозонун кириши менен момун мусулмандар орозо кармап, Жаратканга ишенимин чыңдап, аруулануу ниетин кылышат.
Жан дүйнөбүздү тазартып, пейилибизди түзөп, элибиздин коопсуздугун камсыздоого ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы.
Жаратканыбыз ар бир үйгө кут-береке, аманчылык алып келсин.
Орозо айыңыздар куттуу болсун!