Жаңылыктар
24.09.2025 15:54
Кароолор: 82
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО БАГЫТЫНДА ЖОЛ КАРТАСЫНА КОЛ КОЙДУ
Кечээ, 23-сентябрда Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университетинде өткөн “II Кыргыз-Россия билим берүү форумуна” КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев катышты.
Форумда Кыргызстан менен Россиянын илим, билим берүүчү окуу жайлардын мындан аркы кызматташтыгы, жаштарга билим берүүнүн жаңы багыттары талкууланды. Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте өзгөчө кырдаалдар коопсуздугу жаатында адистерди даярдоонун ыкмаларын, методикасын иштеп чыгуу маселеси козголду.
Көп тараптуу аянтчада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан комплекстүү документтердин пакеттерине кол коюу расмиси орун алып, министрликтин башчысы Бообек Ажикеев жана окуу жайдын ректору С.Волков кадрларды даярдоо багытында жол картасына кол коюшту.
Кол коюлган документте “Техносферанын коопсуздугу” жаатындагы биргелешкен иштерди жол-жоболоштуруу каралган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана университет өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча адистерди даярдайт, ошондой эле жаңы окуу пландарын жана методикаларын иштеп чыгат.
Аталган форумга КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы Э.Новиков, «Альянс-Алтын», «Ростех», «Элдик банк», «Ирбис-курулуш» ишканаларынын жетекчилери жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору, өкүлдөрү катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР