Жаңылыктар
05.12.2023 10:09
Кароолор: 643
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДА КУТКАРУУ ИШИНЕ ЗАРЫЛ БОЛГОН ТЕХНИКА ЖАНА ШАЙМАНДАР АЛЫНДЫ
5-декабрь күнү, ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө атайы куткаруу шаймандары тапшырылды.
Жети-Өгүз райондук өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ылай сууларды сордуруучу мотопомпа, атайы издөө иштерине багытталган дрон аппараты жана дүрбүлөр ошондой эле куткаруучулар колдонуучу аркандай шаймандар, кийим алынган.
Иш-чарага Жети-Өгүз районунун акими, кызматкерлер, фонддун өкүлдөрү катышты. Өз кезегинде ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев райондогу кырсыктардын алдын алып, куткаруучулардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга кошкон салымы, колдоосу үчүн Жети-Өгүз райондук өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирүү менен өкүлдөрүнө башкармалыктын атынан ардак грамоталарды тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕС-БОРБОР