Жаңылыктар

23.04.2024 09:12

   Кароолор: 178

«ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ» РЕЖИМИ КИРГИЗИЛГЕН ОБЛУСТА 508 АДАМ 82 ТЕХНИКА ИШТЕП ЖАТАТ

Ош облусунун аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 20-21-апрелинде нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел каптоолор жаралды.

Учурда селдин кесепеттерин калыбына келтирүүдө 508 адам, 82 техника иштеп жатат.

508 адамдын 118и Жарандык коргонуу кызматтарынан, 34ү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигинен, 245и жергиликтүү тургундар жана 111 куткаруучу тартылган.

Инженердик техника жалпы 43 болсо – ӨКМден 4, жол тейлөө ишканасынан 9, жарандык коргонуу кызматтарынан 3, жергиликтүү бийликтен 19, жеке менчиктен 8 жеринде тазалоо иштерине тартылган.

Эскерте кетсек, сел кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ош облусунун аймагын“Өзгөчө кырдаал" режимин 21-апрелде киргизген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу