Жаңылыктар
03.07.2024 21:10
Кароолор: 1723
ӨЗБЕКСТАНДАН НООКАТТАГЫ СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАНДАРГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КЕЛДИ
Бүгүн, 3- июль күнү Өзбекстан Республикасынан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирилди.
Өзбекстан Республикасынын ӨК министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды.
Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кум шекер ж. б тамак-аш азыктары бар.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР