Жаңылыктар

05.05.2024 14:36

   Кароолор: 161

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕКТЕШКЕН ЖЕРИНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 2024-жылдын 5-май күнү саат 14:16да Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=9,5).

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөө Баястан айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу