Жаңылыктар

03.07.2025 11:38

   Кароолор: 208

ӨЗ ӨМҮРҮҢ – ӨЗ АЛАКАНЫҢДА. ТЫЮУ САЛЫНГАН СУУ АЯНТТАРЫНА ТҮШПӨ!

2025-жылдын 3-июлуна чейин сууга чөккөн адамдардын саны 33кө жетти. Алардын 21и жай мезгилинде сууга чөгүп, өмүрүнөн айрылган. Өткөн жылы ушул күнгө чейин 35 адам сууга чөгүп каза болгон.

Тилекке каршы суудан ажал тапкандардын 35%ы чоңдор, 15%ы 12 жашка чейинки балдар түзөт. Кырсыктын негизги себеби – сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү, мас абалында жээгинде эс алуу, балдардын кароосуз калуусу ж.б.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын кыш жана жай мезгилинде калкка суу коопсуздук эрежелерин эскертип, ал тургай айрым суу аянттарына түшүүгө болбостугун тынымсыз түшүндүрүшөт. Эң өкүнүчтүүсү – жарандардын кайдыгер мамилесинде!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу